• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаарынын мэри Токтогул паркындагы курулуш иштерин текшерди. Сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 12.03.19. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов реконструкциядан өтүп жаткан Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багына барды.
Мэр жаздын келиши менен башталган жумуштар менен таанышып, курулуштун сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырды, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Эс алуу багына таш таман (бурсчатка) 70 % басылып бүтүп, бүгүнкү күндө адамдар басуучу жолго таш таман басуу иштери жана паркка кирүүчү жолдогу тепкичтер толугу менен оңдоодон өтүүдө.

"Түнкү жарыктандыруу иштери да аягына чыга элек. Эс алуу багына видео байкоо да орнотулган. Заманбап отургучтар жасалып, оргума курулат", - деп билдиришти мэриядан.

Т.Сатылганов атындагы парк 1919-жылы негизделип, аймагы 9 гектарды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий