• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарынын мэри жаңы төрөлгөн үч эмден кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 30.10.18. /Кабар/. Кечээ, 29-октябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов ушул жылдын 5-октябрында үч эм төрөгөн шаардын тургуну Гүлназ Батыровадан кабар алды, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Шаар жетекчиси үч эмдин ата-энеси Эрнис Бакиров менен Гулназ Батырованы куттуктап, бөбөктөргө ылайыктуу коляскаларды жана акчалай жардам көрсөттү. Мындан тышкары коммуналдык кызмат акыларына жардам көрсөтмөй болду.

Шаар мэри медицина кызматкерлерине үч эмдин абалын такай көзөмөлгө алып турууну тапшырды. Үч эмге Нуржан, Бекжан жана Гүлжан деген ысым берилди. Айта кетсек, Гүлназ Батырова 2 кыз, 1 уулду дүйнөгө алып келип, Ош шаарында 2018-жылдын эсебинен 3 эмдин биринчи төрөлүшү болуп катталган. Алардын үч эмден тышкары 2 баласы бар.

Пикир

Оставить комментарий