• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Оштун мэри жана Ош облусунун башчысы Алмалык айылынын тургундары менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жана тиешелүү кызмат жетекчилери Ош шаарына караган Алмалык айылынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйында Алмалык айылынын тургундары Ош шаарына алар жашаган аймак Ош облусунун Ноокат районунун Т.Зулпуев айыл өкмөтүнө караштуу экенин айтып, өздөрү жашаган аймакты шаардын карамагына өткөрүү маселеси боюнча кайрылды.

Маалым болгондой, буга чейин Алмалык айылынын жайгашкан жерди Ош шаарынын аймагына өткөрүү маселеси Ноокат районунун Т.Зулпуев айылдык кеңешинин сессиясында каралып, жергиликтүү кеңештин колдоосунан өткөн эмес.

Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов Алмалык айылынын тургундарынын көйгөйлөрүн угуп, алардын талабын аткаруу боюнча аракет жасарын айтты.

“Алмалык айылынын тургундарынын катталган жери Ош шаарына, айылдын аймагы Ноокат районуна карайт экен. Жер районго карайбы же шаарга карайбы биз элдин көйгөйүн чечип, талаптарын аткарышыбыз керек. Буга чейин Т.Зулпуев айылдык кеңешинин сессиясында бул маселе каралып, колдоо тапкан эмес экен. Мен албетте элдин талабын аткарууга аракетимди жумшайм”, - деди Зиядин Жамалдинов

Ош облусунун башчысы аталган маселени мыйзам чегинде чечүү, Алмалык айылынын жер аянтын аныктоо тууралуу Ноокат райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басарына жана Т.Зулпуев айыл өкмөт башчысына тапшырма берди.

Пикир

Оставить комментарий