• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарынын мэри жаш ойлоп табуучуларды сыйлады

Аймак 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов робототехника боюнча республикалык сынакта жеңүүчү болгон беш жаш ойлоп табуучуну кабыл алып, аларга белек тапшырды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

"Шаар башчысы робототехника боюнча чемпион болгон ойлоп табуучулардын жасаган эмгектери келечекте илимдин өнүгүшүнө зор салым кошо тургандыгын белгиледи. Ал балдардын ар бирине уюлдук телефон, китеп жана интеллектуалдык атайын белектерди тапшырды. Мындан тышкары жаш ойлоп табуучулардын ар бирине робот-чаң соргуч белекке берүү боюнча тапшырмасын берди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын робот жасаган жаш жеткинчектери үстүбүздөгү жылдын февраль айында ойлоп табуучулардын жана робот жасоочулардын республикалык олимпиадасына катышып, 20 команданын ичинен "Супер чемпион" наамын жеңип келишкен. Алар "Робоскай-Ош" окуу борборунда билим алышат.

Пикир

Оставить комментарий