• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарынын мэриясы Дүйнөлүк банк менен бирге туризмди өнүктүрүү аракетин көрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 23.12.21. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясы Дүйнөлүк банк менен бирге туризмди өнүктүрүү аракетин көрүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 22-декабрда бул багытта Бишкек шаарында Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланып жаткан "Ош облусун жана Ош шаарын регионалдык экономикалык өнүктүрүү" долбоорунун жетекчилиги, КРнын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин директору жана эксперттер менен жолугушуу өттү.

Анын алкагында долбоорду ишке ашыруунун жолдору, Ош шаарында туристтик инфраструктуралык объекттерди жакшыртуу маселеси талкууланды. Жакында иштелип чыккан калаанын бренди презентацияланып, ушул багытта биргелешип иш алып баруу макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий