• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарынын мэриясы “Нооруз-2017” элдик майрамын өткөрүүгө кызуу даярдык көрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 17-март /Кабар/. Ордолуу Ош шаарында «Нооруз-2017» элдик майрамына уюшкандыкта даярдык көрүү жана өткөрүү максатында шаар мэри Айтмамат Кадырбаевдин буйругу менен уюштуруу тобу түзүлүп, иш-чаралар бекитилген. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чаранын алкагында шаар ичи, майрамдык аянттар, эс алуу жана сейил бактары майрам шаанисинде жасалгалануу зарылдыгы табышталды. Ошондой эле аймактык кеңештердин төрагаларына шаардык мекеме-уюмдардын жетекчилери менен биргеликте «Нооруз-2017» элдик майрамын элдик көөнөрбөс каада-салттарга ылайык өткөрүү милдеттендирилди.

Нооруз майрамы, 21-март күнү шаардын борбордук аянтында саат 09:00дө “Нооруз – жаңылануунун жана жакшылыктын жарчысы” аттуу театрлаштырылган оюн-зоок, концерттик чоң программа менен башталат. Майрамдык иш-чара спорттун улуттук түрлөрү боюнча мелдештер менен уланат. Ал саат 12:00дөн 15:00го чейин болот. Ага утурлай Ош улуттук драм театрында «Нооруз берекеси» аттуу жарманке уюштурулат. Ошондой эле, майрам күнү саат 09:00-16:00га чейин Бабур театрынын алдында майрамдык программа өтөт.

20-21-март күндөрү “Өчбөс от” мемориалдык комплексинин алдына сүрөтчүлөр тарабынан “Ыйман, адеп жана маданият” жылына арналган көргөзмө болот.

Ал эми, 20-март күнү борбордук аянтта «Сармерден» улуттук оюн-зоок иш-чарасы менен Чечендик өнөр боюнча таланттуулардын жарышы, «Алымбек датка» этнографиялык борборунда, “Семетей” кино театрында, “Каныкей”, “Жеңиш”, “Ата-Түрк” эс алуу жайларында Ош шаарындагы жогорку окуу жайлары тарабынан уюштурулган, элдик каада-салтка ылайык оюн-зоок, майрамдык маданий программа даярдоо, боз-үй тигүү, сүмөлөк даярдоо каадасы уюштурулат.

Мындан сырткары, шаар ичин жашылдандыруунун, көрктөндүрүүнүн, көчөттөрдү отургузуунун жана санитардык тазалоонун үч айлыгы жарыяланып сапаттуу уюштуруу керектиги эске алынды.

Пикир

Оставить комментарий