• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарынын мэриясы жер көчкү жана жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жардам көрсөтөт

Аймак 0

Бишкек, 10-май /Кабар/. Ош шаарынын мэриясынын жана шаардагы бардык муниципалдык мекемелердин кызматкерлери бир күндүк айлык акысын Өзгөн районунда болгон жер көчкүдөн жана Чоң-Алай районунда катталган жер титирөөдөн жабыр таркандарга которот. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 10-майда болгон мэриянын аппараттык жыйынында билдиргенин мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, шаар башчысы боордошторго моралдык жана материалдык жардам көрсөтүп, кырсыкка кайдыгер карабаган шаар тургундарын, жабыр таркандарга жардам колун сунууга чакырды.

Белгилей кетсек, 29-апрелде эртең менен саат 6:40тар чамасында Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу айылында көлөмү 200 миң метр куб жер көчкү жүрүп, алты үй-бүлөдөн 24 кишини басып калган. Ал эми Жалпак-Таш айыл аймагында сүрүлүп жаткан жер көчкү 6-майга карата алынган маалымат боюнча 34 үйдү басып калган.

Ошондой эле 3-майда саат 10:47лер чамасында Тажикстанда күчү 7 баллга жеткен жер силкинүү катталган. Жер титирөөнүн очогу Баткендин түштүк-чыгышынан 120 чакырым, ал эми Оштун түштүк-батышынан 192 чакырым алыстыкта жайгашкан. Мындай жер титирөө 5-майда болжол менен 11:15де болуп Ошто төрт, Баткенде 2,5-3 баллга жеткен. Мунун кесепетинен Чоң-Алай районунда бир нече социалдык мекемелер жана турак жайлар авариялык абалга келген.

Жардам берүүнү каалаган бардык жарандар төмөндөгү эсепке акча которсо болот:

Өзгөн районунун тургундарына юридикалык жактар жана жеке адамдар, калоочулар төмөнкү реквизиттер аркылуу эсепке акчалай каражаттарды которушса болот:Өздүк эсеп (лицевой счет): 4407012100009282

Ош райондук казына бөлүмү ( РОК) 701

Төлөм түрү (вид платежа) 2100

ИНН 00103200110150

Чон-Алай районунун тургундарына юридикалык жактар жана жеке адамдар, калоочулар төмөнкү реквизиттер аркылуу эсепке акчалай каражаттарды которушса болот:

Өздүк эсеп (лицеый счет): 4407012100009383

Ош райондук казына бөлүмү ( РОК) 701

Төлөм түрү (вид платежа) 2100

ИНН 00103200110150

Пикир

Оставить комментарий