• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош шаарынын мэриясы жыл башынан бери аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарды

Аймак 0

Бишкек, 14.11.18. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясынын кезектеги коллегиялык жыйыны болуп жатат. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардагы бардык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда.

Жыйындын күн тартибине Ош шаарынын 2018-жылдын тогуз айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2018-жылдын IV- кварталына карата милдеттер жөнүндө, Ош шаарын экономика тармактарын жана калкын 2018-2019-жылдардагы күзгү-кышкы мезгилине даярдоонун жыйынтыгы жөнүндө эки маселе коюлган.

Биринчи вице-мэр Саибжан Турдуев жыйындын биринчи маселеси боюнча маалымат берип, шаардын тогуз айдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү өсүү темпи менен жыйынтыкталганын билдирди.

“2018-жылдын 9 айында шаардын өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси 106,3 пайызды түзүп, 3 млрд. 120 млн. сомдук продукция өндүрүлгөн. Бул 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 77 млн. сомго көп. Курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 3 млрд. 550 млн. сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 369 млн. сомго, же 11,1 пайызга өскөн. Негизги капиталга тартылган инвестициялар 2 млрд. 900 млн. сомду түзүп, 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 91 млн. сомго же 2,8 пайызга көбөйгөн. Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүндө салыктык жана салык эмес кирешелери боюнча (атайын каражаттарды кошпогондо) 1 млрд. 906 млн.сом план жеткирилсе, аткарылышы 2 млрд. 52 млн.сомду түзүп, пландагыдан 146 млн.сомго же 7,6 пайызга, 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 132 млн. сомго көп жыйналган. Ал эми, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө салыктык жана салык эмес кирешелер боюнча (атайын каражаттарды кошпогондо) 652,3 млн. сом план жеткирилсе, аткарылышы 674,5 млн. сомду түзүп, пландагыдан 22,2 млн. сомго көп салык чогултулган. Социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүнүн аткарылышы 1 млрд. 316 млн. сомду түзүп, 79,2 млн.сомго ашыгы менен аткарылган.

Шаарда тышкы жана ички инвестицияларды тартуу менен көптөгөн жумуштар аткарылып, отчёттук мезгилде республикалык бюджеттен капиталдык курулушка жалпысынан 37 млн. сом, жергиликтүү бюджеттен 58,5 млн. сом акча каражаты каралып, бир нече курулуш обьектилеринде курулуш иштери жүргүзүлүп жатат.

Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгына шаардын жолдорун оңдоп-түзөө иштерине 2018-жылга карата жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпы 67 млн.сом акча каражаты бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө 33,9 млн.сом өздөштүрүлдү.

6 айдоочу жана 12 жумушчулар бригадасы тарабынан шаардын негизги көчөлөрүндөгү бузулуп кеткен 14,8 миң чарчы метр чуңкурларын асфальт төшөп, жамоо иштерин аткарышкан.

Кошумча каржылоо принциби менен 36,9 млн. сомдук 59 долбоор ишке ашкан. Анын ичинен 7,9 млн.сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилген. Калган акча каражаты мекеме-уюмдар, демөөрчүлөр, элдер тарабынан чогулуп, көп кабаттуу үйлөрдүн жылуулук системасын, канализация жана суу түтүктөрүн оңдоого, көп кабаттуу үйлөрдүн чатырларын, подьезддерин жана фасаддарын оңдоого жумшалган.

Ал эми социалдык тармакка токтолсок, 2018-жылдын 1-октябрына карата балдары бар аз камсыз болгон 213 үй-бүлөнүн 632 баласына мамлекеттик жөлөк пул дайындалып, жыл башынан бери 6 млн. 146 миң сом төлөнүп берилген. Социалдык жөлөк пул алуучулардын саны 3754 адам болуп, 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 143 адамга көбөйгөн. Жыл башынан бери 73 млн. 662 миң сомдук социалдык жөлөк пулдар төлөнгөн. Жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация 1718 жеңилдик алуучуга чектелип, жыл башынан бери 40 млн. 519 миң сом акча каражаты бөлүндү.Отчёттук мезгилде 1 млрд. 125 млн.сом өлчөмүндө пенсиялар толугу менен каржыланды. Ош шаарынын социалдык жактан муктаж болгон 194 жарандарына жардам көрсөтүлүп, 1 млн. 101 миң сом бөлүнүп берилди. Социалдык төлөмдөр боюнча - пенсиялар, жөлөк пулдар өз убагында төлөнүп берилип жатат жана бүгүнкү күндө алардан мурунку айлардан карыз жок.

Жыл ичинде медицина тармагында эмгектенген медайымдардын жана санитаркалардын коммуналдык төлөмдөрүнө 3,3 млн. сом жана мугалимдердин жана бала бакчалардын тарбиячыларынын коммуналдык төлөмдөрүнө – 6,2 млн. сом, 1-4 класстагы орто мектептин окуучуларынын ысык тамак ашына 2 млн. сом, пенсионерлердин, окуучулардын, коомдук транспортто акысыз жүрүүгө укуктуу жарандардын (пенсионерлер, окуучулар, соцкызматкерлер ж.б.) жол кире акысына 12,7 млн. сом акча каражаттары жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилген.

Андан сырткары мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттерден социалдык жактан муктаж болгон жарандарга башка жардамдар көрсөтүлгөн”,-деп маалымдады С.Турдуев.

Пикир

Оставить комментарий