• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарынын мэриясы жыл жыйынтыгын чыгарды

Аймак 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. 26-январда президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн жана Ош шаарынын мэриясынын 2021-жылга карата жыйынтыгын чыгарган биргелешкен коллегиялык отурум өттү.

Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, ага министерлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө калаа башчысы Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2021-жылдагы жыйынтыгы жана 2022-жылга карата милдеттер жөнүндө маалымат берди.

“2021-жылы негизинен шаардагы ишкердик субъектилерди тактап, бирдиктүү базага киргизүү, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү, туризм тармагын өнүктүрүү үчүн Ош шаарынын брендин иштеп чыгуу, COVID-19 илдетинин жайылышынын алдын алуу, мамлекеттик жана локалдык программаларды аткаруу, 2020-жылы өсүү темптери төмөндөгөн тармактардын көрсөткүчтөрүн жогорулатууга көмөктөшүү багытында иштер жүрүп, калаанын социалдык экономикалык көрсөткүчтөрү өсүү темпи менен жыйынтыкталды. Алсак, өнөр жай ишканалары тарабынан 2021-жылы 5 млрд 654 млн сомдук (2020-жылы 4 млрд. 493,4 млн сом болгон) продукция өндүрүлгөн. 1 млрд 449 млн сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 101,9%ды түздү. Курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 2021-жылы 8 млрд 534 млн сомду түзүп, 2020-жылга караганда 360 млн сомго көбөйгөн. Ал эми негизги капиталга инвестицияны өздөштүрүүнүн деңгээли 2020-жылга салыштырмалуу 1 пайызга көбөйдү. Шаардын чарба жүргүзүүчү субъектилери тарабынан көрсөтүлгөн рыноктук тейлөөлөрдүн көлөмү 2021-жылы 72,3 млрд сомду (2020-ж. 56 млрд сом) түздү. 2021-жылы жалпы 1742 жумуш орундары түзүлгөн. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү (атайын каражаттарды кошпогондо) 102,9 пайызга аткарылып, такталган пландагы 1 млрд 272 млн сомдун ордуна 1 млрд. 308 млн сом жыйналып, 36 млн сомго көп аткарылды. 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 252 млн сомго көп жыйналып, өсүү темпи 123,9 пайызды түздү", - деди Оштун мэри.

2021-жылга жергиликтүү бюджеттен капиталдык курулуш тармагына 202 млн сом акча каражаты каралган. Шаар бюджетинин эсебинен 3 бала бакча, 1 ФАП курулуп, пайдаланууга берилди.

Республикалык бюджеттин эсебинен 87,6 млн сом акча каражаты бөлүнүп, Жапалак аймактык айылдык башкармалыгында узундугу 7 200 метр суу түтүктөрүн тартуу, сыйымдуулугу 500 метр кубдук 2 суу кампа, 2 насос орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Көп жылдан бери республикалык бюджеттен каржыланып, курулушу токтоп калган төрт мектепке акча каражаты бөлүнүп, азыркы учурда кайрадан курулуш иштери жандандырылды.

Жолдорду оңдоп-түзөө үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 103,2 млн сом акча каражаты бөлүнүп, жыл ичинде 8,5 чакырым жол жаңыдан асфальтталган. Ипотекалык фонддун эсебинен 3 көп кабаттуу үйдүн (215-батир) курулуштары башталып, Достук кичи районунда 90 батирлүү үйдүн курулушу бүткөрүлсө, Курманжан-Датка көчөсүндөгү 80 батирлүү үйдүн курулушу жакынкы күндөрдө аяктайт. Ал эми Көкүм-Бий көчөсүндөгү 45 батирлүү үйдүн курулушу жүргүзүлүп жатат. Быйылкы жылы өнүгүү программанын алкагында дагы 3 көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталмакчы.

2022-жылы Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) аркылуу Ош облусунун жана Ош шаарынын регионалдык экономикалык өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу пландалган. Долбоордун алкагында туризм багытына 6 млн АКШ доллары бөлүнөрү пландаштырылып, шаардагы туристтик обьектилерди реконструкциялоо, Ак-Буура дарыясынын жээгин жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, А.Навои эс алуу багынын бир бөлүгүнө эс алуучу жай куруу, Ош шаарынын борбордук аянтына фонтан куруу боюнча кичи долбоорлор даярдалып жатат. Андан сырткары Сулайман-Тоо музей комплексин реконструкциялоого 4 млн АКШ доллары КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги аркылуу бөлүнүп жатат.

Өткөн жылы туризм тармагын өнүктүрүү багытындагы алгачкы кадамдар башталды. “Ош – Улуу Жибек жолунун провайдери” аталышындагы бренд иштелип чыгып, презентацияланды.

Мэр Алмаз Мамбетов министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровко Ош шаарынын аймагындагы көйгөйлүү маселелерди да жеткирди:

1. Жол тыгындарын азайтуу максатында Ош шаарынын “Түштүк айланып өтүүчү жолун” куруу (узундугу 28 км) зарылдыгы турат. Долбоор КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан даярдалып, болжолдуу сметалык баасы 1 млрд 750 млн сомду түзгөн.

2. Ош-Бишкек трассасында автотыгынды азайтуу максатында 660-км аралыгындагы “Т” кесилишинен Ош шаарына түз кирүүчү жолду куруу зарыл. Долбоор КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан даярдалып, жолдун узундугу 4,5 км, болжолдуу сметалык суммасы 250 млн сомду түзөт.

3. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын калкын үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу. Сыйымдуулугу 1000 м3 болгон эки суу кампа куруу жана айылдардын ички таза суу түтүктөрүн тартуу иштерине болжолдуу керектелүүчү акча каражаты 150 млн сомду түзөт.

4. Ош шаарынын аймагына кире беришиндеги Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагына караштуу 38 гектар жер аянтына “Ош-Сити” кичи шаарчасын куруу пландаштырылып жатат. Жер Кара-Суу районуна карагандыктан жерди Ош шаарына өткөрүп берүү зарылдыгы бар.

5. Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен Ош шаарынын ички жолдорун оңдоп-түзөөгө 100 млн АКШ долларын бөлүп берүү зарыл.

Мэр жогорудагы маселелер менен бирге “Жылуулуккамсыздоо” ишканасына компенсация төлөп берүү, И. Раззаков мектебинин курулушун аяктоого акча бөлүп берүү жана Ош шаардык клиникалык ооруканасына караштуу Балдар жугуштуу оорулар стационарынын аймагына 100 орундуу жеңил конструкция менен COVID-19 илдетин дарылоо үчүн жаңы корпустун курулуш жумуштарын бүткөрүүгө көмөк корсөтүүнү суранды.

Ага улай Ош шаарынын негизги көйгөйлөрүн камтыган “Келечекке татыктуу шаар” өнүктүрүү программасын ишке ашырууга министрлер кабинети салым кошот деген ишеничин билдирди.

Жыйында санариптештирүү багытында жүрүп жаткан иштер тууралуу да маалымат берилди. Акылбек Жапаров тарабынан да олуттуу милдеттер коюлуп, 2022-жылы инвестиция тартуу, туризмди өнүктүрүү боюнча иштерди колго алуу керектиги белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий