• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Аймак 0

Бишкек, 30.05.22. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду, - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Масуда Айдарбекова Ош шаарынын мэриясынын иш кагаздарын камсыздоо жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Буга чейин ал Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.

Ал эми Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы кызматына кадрдык резервден Нурлан Закиров дайындалды. Буга чейин ал шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башкы адиси болуп иштеген.

Тиешелүү буйруктарга Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий