• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарынын мэриясында жеке маселелер боюнча жарандарды кабыл алуу болду

Аймак 0

Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. Кечээ, 14-сентябрда шаарынын тургундарын жеке маселелер боюнча кабыл алуу болуп, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, мэриянын аппарат жетекчиси Камчыбек Досматов жана башка тийиштүү кызматтардын жетекчилери жеринен жооп беришти. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жеке кабыл алуу учурунда жарандардан жеке көп кабаттуу үйлөрдү биргелешип каржылоо программасын ишке ашыруу, материалдык жардам көрсөтүү, жер тилкелерине байланыштуу талаштарды чечүүгө, айрым долбоорлорго уруксаат алуу боюнча маселелер айтылды.

Ар бир суроо боюнча протокол жазылды. Бир катар маселелер боюнча тиешелүү кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилерине тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий