• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаарынын мэриясынын кезектеги коллегиялык жыйыны болду

Аймак 0

Бишкек, 31-май /Кабар/. Бүгүн, 31-майда Ош шаарынын мэриясынын кезектеги Коллегиялык жыйыны болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардагы мекеме ишканалардын жетекчилери катышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын күн тартибинде эки маселе каралып, талкууга алынды.

1- Жайкы мезгилде калкка кызмат көрсөтүүчү тамак-аш, суусундук жана эс алуу багытындагы жайлардын санитардык-эпидемиологиялык туруктуулугун камсыз кылуунун абалы жөнүндө,

2- Ош шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча өткөрүлгөн жазгы үч айлыктын жыйынтыгы жөнүндө.

Биринчи маселе боюнча Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров маалымат берди.

“Шаардын аймагында жайкы мезгилде жыл сайын ондогон сезондук объекттер ачылып, калкка жана туристтерге тейлөө кызматын көрсөтүшөт. Алардын катарында эс алуу жайлары, жайкы ашканалар, тамак аш соода түйүндөрү, бассейндер жана башка калкка кызмат кылган объектилер бар. Белгиленген талап нормаларга ылайык көрсөтүлгөн объектилер жыл сайын сезонго ылайык оңдоп түзөө, актоо-сырдоо иштерин жүргүзүшөт. Бирок, жумушчу тобунун атайын иликтөөсүнүн жыйынтыгына ылайык бул калкка кызмат кылуучу объектилердин баардыгы толук кандуу талапка жооп берет деп айтууга болбойт”,-деди Н.Кадыров.

Ошондой эле жайкы мезгилде калкка кызмат көрсөтүүчү тамак-аш, суусундук жана эс алуу багытындагы жайлардын санитардык-эпидемиологиялык абалы тууралуу Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери

Айчүрөк Келдибекова маалымат берди.

"Шаарда жайгашкан бассейндер жайкы мезгилге карата оңдоо иштерин жүргүздү. Бирок айрымдары бүгүнкү күндө тиешелүү жумуштарды аткарбай, талаптарга толук жооп бербейт. Ошондой эле санитардык-гигиеналык эрежелерге жооп бербеген шарттарда коомдук жайлар өз алдынча тамак аш продукталарын сатууда",-деди А.Келдибекова.

Шаар мэри башкы дарыгерге, берген маалыматы боюнча маселелерге токтолуп, бир жума убакыттын ичинде жайкы мезгилдин башталышына карата жүргүзүлүп жаткан иш аракеттерди, шаардын аймагында жайгашкан эс алуу жайлардын санитардык-эпидемиологиялык абалын текшерип отчет берүүнү тапшырды.

“Шаардын айрым аймагында тиешелүү мамлекеттик көзөмөлдөө кызматтардын уруксаты жок санитардык-гигиеналык эрежелерге жооп бербеген шарттарда коомдук жайлар өз алдынча ачылууда жана алар тараптан санитардык талаптарды одоно бузгандарынын негизинде жугуштуу оорулар таркап, калктын саламаттыгына чоң таасирин тийгизет. Бул шаарыбыздын калкы жана коноктору үчүн өтө маанилүү. Ошондуктан бул маселени такай көзөмөлгө алып, талап-нормаларга жооп бербесе тиешелүү көзөмөлдөөчү органдарга билдиргиле”,-деди А.Кадырбаев.

Пикир

Оставить комментарий