• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ош шаарынын мэриясынын кезектеги коллегиялык жыйыны өттү

Аймак 0

Бишкек, 01.04.21. /Кабар/. Кечээ, 31-мартта Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Юсуповдун катышуусунда мэриянын кезектеги коллегиялык жыйыны болуп өттү.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ага шаардагы бардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.

Коллегиялык жыйындын күн тартибине 2020-2021-жылдардагы күзгү-кышкы жылытуу мезгилин өткөрүүнүн жыйынтыгы жана 2021-2022-жылдардагы мезгилге даярдык көрүү жөнүндө болду

“Быйылкы жылы кетирилген каталар кийинки жылытуу мезгилине кайталанбашы керек. Андыктан кыштын камын жазында көрүп, азыртадан бардык иштерди баштайлы. Жылуулук системаларында, электр энергия тармагында болуп жаткан кемчилдиктерди аныктап, тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүңүздөр”, - деди биринчи вице-мэр.

Ош шаарынын жылуулук электр борбору шаардагы 36 билим берүү, 12 саламаттыкты сактоо, 8 жогорку окуу жайын, 5 өнөр-жай мекемелерин, 331 көп кабаттуу үйлөрдү, 192 жеке менчик үйлөрдү жана башка 323 мекемелерди жылуулук энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздады.

Ош муниципалдык "Жылуулуккамсыздоо" ишканасы шаардагы 297 көп кабаттуу үйлөрдү, 35 мектепти, 29 балдар бакчасын, 11 саламаттыкты сактоо мекемесин, 9 жогорку окуу жайын, бардыгы болуп 97 мекемени жана 233 жеке менчик үйлөрдү жылуулук энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздады.

Жыйындын алкагында тийиштүү тармактарга дебитордук карыздарды чогултуу боюнча катуу талаптар коюлду.

Пикир

Оставить комментарий