• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйыны болду

Аймак 0

Бишкек, 13.11.21. /Кабар/. Күн мурун, 12-ноябрда Ош шаарынын мэриясынын кезектеги коллегиялык жыйыны болуп өттү. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, вице-мэрлер, шаардагы мекеме ишканалардын жетекчилери, муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары катышты, - деп билдирет Ош мэриясынын басма сөз кызматы.

Жыйында Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2021-жылдын 9 айындагы жыйынтыктары жана IV кварталына карата милдеттер, шаардын экономика тармактарын жана калкын 2021-2022-жылдардагы күзгү-кышкы мезгилине даярдыктарды көрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө маселелер каралып, талкууланды.

Биринчи маселе боюнча Ош шаарынын мэриясынын экономика, каржы бөлүмүнүн башчысы Талант Кайымов маалымат берди.

«2021-жылдын 9 айынын жыйынтыгында 2020-жылдын 9 айына салыштырмалуу бардык тармактарда өсүү темпи менен жыйынтыкталды. Себеби, былтыркы жылы пандемия учурунда өзгөчө кырдаал режими киргизилип, көптөгөн чарба жүргүзүүчү субьекттердин ишмердүүлүгү токтотулган жана шаардын экономикасына терс таасирин тийгизген.

Өнөр жай ишканалары тарабынан 2021-жылдын январь-сентябрында 3 млрд. 776 млн. 860 миң сомдук продукция өндүрүлүп, 2020-жылдын январь-сентябрына карата физикалык көлөмдүн индекси 109,6 пайызды(%) түзгөн.

Айыл чарба продукциясынын дүң чыгарылышы отчеттук мезгилде 1 млрд. 206 млн. сомду, физикалык көлөмдүн индекси 100,8 пайызды түзгөн.

Курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 2021-жылдын январь- сентябрында 3 млрд. 93 млн. 350 миң сомду түзүп, 2020-жылдын январь-сентябрына салыштырганда 17,6 пайызга жогорулаган. Негизги капиталга инвестицияны өздөштүрүүнүн деңгээли 2020-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 21,5 пайызга көбөйүп (салыштырмалуу баада), 1 млрд. 871 млн. 402 миң сомду түзгөн. Республикалык бюджеттин эсебинен төлөнүүчү социалдык жөлөк пулдар, женилдиктердин ордуна акчалай компенсациялар, пенсиялар жана башка төлөмдөр өз убагында төлөнгөн жана карыз жок.

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акылары толугу менен төлөнүп берилип, 2021-жылдын 1-ноябрына эмгек акы жана социалдык фондго чегерүүдөн, ошондой эле биринчи кезектеги беренелерден карызы жок жыйынтыкталды»,-деди Т.Кайымов.

Пикир

Оставить комментарий