• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарынын мэриясынын Коллегиялык жыйыны болду

Коом 0

Бишкек, 28.02.18. /Кабар/. Бүгүн, 28-февралда Ош шаарынын мэриясынын кезектеги коллегиялык жыйыны болуп өттү. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме ишканалардын жетекчилери, аймактык кеңештердин төрага, төрайымдары катышты.

Жыйындын күн тартибинде эки маселе каралып талкууга алынды.

Ош шаарындагы жол коопсуздугун бекемдөөнүн иш-чаралары жүнөндө жана Ош шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жазгы үч айлыкты өткөрүүнүн чаралары жөнүндө.

Жол коопсуздугун бекемдөө боюнча Ош шаарынын вице-мэри Шакир Зулимов маалымат берди.

“Ош шаарынын көчөлөрүндөгү автотыгындар боюнча маселе жана жалпы эле шаар аймагындагы жол коопсуздугун камсыздоого шаар көчөлөрүндөгү автотыгындардын жана шаардын борбодук көчөлөрүндөгү автотоктотмолор негизги тоскоолдордон болуп калууда. Мындай автотоктотмолор көчөлөрдү бууп, автотыгындарды пайда кылып жаткандыгынан сырткары, шаардагы аялдамаларда токтоп, жүргүнчүлөргө жана коомдук автотранспорттордун иштөөсүнө бир топ кыйынчылыктарды жаратууда. Автотыгындардын пайда болушуна дагы бир себеп болуп жаткан жагдай - шаар көчөлөрүндөгү райондор, облустар аралык табигый пайда болуп жаткан жеке менчик таксилер болгондуктан, алар үчүн Ош шаарындагы №2-автобекети аялдама катарында бекитилип берилгени менен, автотыгындар азайган жок. Бул багытта биз биргеликте иш-аракеттерди мындан ары такай алып барышыбыз керек.

Мындан ары муниципалдык кызматтар Ош шаарынын салык кызматынын, автомобиль, суу транспортунун жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агентигинин Ош аймактык башкармалыгы жана Ош шаардык жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдө кызматкерлери менен биргеликте шаардын бардык жолдорунда, айрыкча Масалиев, Навои, Монуев жана Осмонов атындагы көчөлөрүндө час-пик убактыларында атайын рейддерди көбөйтүүлөрү зарыл. Ал эми бул иш-чараларды уюштурууда жана айдоочулардын жоопкерчилигин жана жалпы эле жолдо жүрүү маданиятын эң оболо КРнын ИИМнин Ош шаары боюна жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү, жалпы шаар тургундары, жол жүрүүчүлөр өздөрү негизги демилгечилерден болууга тийиш.

Айта кетсем, 2018-жылдын 1-айынын (январь) ичинде шаардын аймагында 28 жол-унаа кырсыгы катталган. Жол-унаа кырсыктарында каза болгондор жок болгону менен, 38 адам жаракат алып, өткөн жылга салыштырмалуу 14 учурга жогорулаган. Албетте, жалпы шаар тургундары, жол жүрүүчүлөр өздөрү да өз коопсуздугуна кайдыгер калбашы керек.

Жол коопсуздугун бекемдөө, жарандарыбыздын жолдордо каза болушуна, жарат алышына, айрыкча жаш өспүрүмдөрдүн амандыгын, өмүрүн сактоодо бир гана Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү эле эмес, бардык шаарыбызда жайгашкан тийиштүү мамлекеттик структуралар жана муниципалдык кызматтар биргеликте камкордукту көрүш керек.

Коомдук коопсуздукту камсыздоо, айрыкча жол коопсуздугун бекемдөө үчүн «Таза коом» долбоорун ишке ашыруу алкагында жол кыймылынын эрежелерини (ЖКЭни) фото жана видефиксациялоо системасын, светофорлорду орнотуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 10,0 млн сом акча каражаты бөлүнүп, учурда Ош шаарында 14 светофордук обьектилери орнотулууда. Шаардын көчөлөрүнө орнотулган 48 обьект жол чырактарды (светофорлодру) жана видеобайкоо системасын техникалык тейлөө жана оңдоо иштерине 4600,0 миң сом каралып, бүгүнкү күндө 4635,6 миң сом акча каражаты сарпталып, иштер аткарылууда

Ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жаңы доорго кырк кадам” Программасынын алкагында “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруу үчүн “Хуавей” компаниясынын өкүлдөрү менен 2018-жылдын январь айында жолугушуу өткөрүлүп, Ош шаары боюнча долбоордун алкагында шаардын жолдору, жол сызыктардын көлөмү такталып, 58 кесилишке, 7 эл жыш жайгашкан коомдук жайларга, 6 жол айлампаларына жана 3 кооптуу жерлерге видеобайкоо орнотуу сунушталып, 1500 даана видеокамера орнотуулуусу 82 км оптико-волоконный кабельдерин тартуу бул инвестор тарабынан орнотуулушу сүйлөшүлдү”,-деп билдирди вице-мэр.

Пикир

Оставить комментарий