• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарынын мэринин эл менен болгон жолугушуусу уланууда

Аймак 0

Бишкек, 25.10.17./Кабар/. Кечээ, 24-октябрда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев №2 “Достук” аймактык кеңештин тургундары менен жолукту. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө акыркы төрт жыл аралыгында аткарылган иш аракеттер, муниципалдык мекеме-ишканалардын калкты тейлөөдөгү алгылыктуу жумуштары туурасында тасма көрсөтүлүп, жыл башындагы жолугушууда берилген протоколдук тапшырмалардын жооптору айтылды.

Андан соң, шаар мэри Айтмамат Кадырбаев элден келип түшүкөн жол, жарыктандыруу, канализация, социалдык объектилер туурасындагы суроолорго жооп берип, жетекчилерге жеринен тапшырмаларды берип жатты. Суроолор протоколдоштурулуп, алардын аткарылышы кийинки жолугушууда толугу менен маалымат бериле тургандыгы маалым болду.

Шаар башчысынын эл менен болгон жолугушуусунун сегизинчи айлампасынын акыркы жолугушуулары өтүп жатат. А.Кадырбаев тургундар менен жылына эки ирет жолугуп, акыркы жылдардагы болуп жаткан өнүгүүлөр туурасында маалымат берип, көйгөйлөрдү кабинетте эмес жеринде чечүүнү максат кылган.

Пикир

Оставить комментарий