• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош шаарынын мэринин м.а. Мамбетов күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 07.08.21. /Кабар/. Кечээ, 6-августта Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов Ош шаарынын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда шаардагы коомдук-саясий абал, тынчтык жана стабилдүүлүктү сактоо маселелери талкууланды.

Алмаз Мамбетов өз сөзүндө чогулгандарды жаралган жагдайларга ыкчам жооп берип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте активдүү иштөөгө чакырды.

Мындан тышкары, жолугушууда Ош шаарынын калкты тейлөө борборуна кошумча имарат табуу маселеси талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий