• 84.8
  • 95.69
  • 1.15

Ош шаарында 22-октябрдан тартып жылуулук бериле баштайт

Аймак 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 20-октябрда Ош шаарынын мэриясында күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча атайын штабдын кезектеги жыйыны болуп, 22-октябрдан баштап жылуулук берүү маселеси көтөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Жыйынга Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.

Вице-мэр Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, суук түшө тургандыгына байланыштуу алдын ала даярдык көрүү максатында Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасынын негизинде жылуулук берүү керек экендигин билдирди.

"22-октябрдан баштап жылуулук берилсе, суу жылып, шаар тургундарына жеткенче дагы 1-2 күн убакыт талап кылынат. Учурда жылуулук, электр энергия, газ менен камсыздап жаткан ишканалардын жетекчилерине тапшырмалар берилди. Мындан тышкары, көмүрдүн баасына болгон туруктуулукту сактап калуу үчүн антимонополиянын Ош шаарындагы кызматтары менен да иштешүүнү пландап жатабыз", - деди Жунусбаев.

Ош шаарынын мэриясы ар кандай кырдаалдардын алдын алуу үчүн шаар тургундарына көп кабаттуу үйлөрдүн подъездериндеги эшиктерин жабык кармап, үйдүн эшик терезелерин жылуулап, электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырат.

Жалпысынан Ош шаарында 600дөн ашуун көп кабаттуу үйлөр, билим берүү тармагындагы 97, саламаттык сактоо тармагындагы 32 мекеме, ошондой эл жогорку жана орто окуу жайларынын имараттары жылуулук менен камсыздалат. Жылуулук берүү Ош шаарынын жылууулук менен камсыздоо муниципалдык ишканасы жана Ош ЖЭБ тарабынан жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий