• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарынын мыкты мугалими аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 30.05.18. /Кабар/. Бүгүн, 30-майда Ош шаарында “Мыкты мугалим-2018” кароо-сынагынын финалдык баскычы өтүп, мыкты мугалим аныкталды. Ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Бактыбек Каналиев, билим берүү башкармалыгынын башчысы Авазбек Асанов, шаардагы мектептердин мугалимдери, окуучулары катышты.

Вице-мэр Нурбек Кадыров салтка айланган мыкты мугалим кароо-сынагы мугалимдерге демине дем берип, стимул катары гана калыптанбастан, өздөрүнүн кесибин ардактап, балдарга билим берип, аларды тарбиялоодогу тажырыйбалары менен бөлүшүүнү камтый тургандыгын кошумчалады.

“Мыкты мугалим-2018” сынагынын финалына 5 мугалим чыгып, баш байгени № 31 Курманжан Датка атындагы орто мектебинин математика мугалими Клара Байыева алып, 40 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды.

1-орунду камсыз кылган "Олимп" мектеп гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Гүлнур Шерипбаевага 30 миң сом берилди.

2-орунду № 17 Ю. Гагарин атындагы мектеп гимназиясынын башталгыч класс мугалими Кыялбүбү Аликеева ээлеп, 20 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.

3-орунга № 19 Шевченко атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Зулхумор Самиева чыгып, 15 миң сом алды.

Ал эми, № 37 Г. Айтиев атындагы орто мектебинин чет тили мугалими Айтбү Токтоназарова жигердүү катышкандыгы үчүн атайын грамотага ээ болуп, 10 миң сом берилди.

Ошондой эле, салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаардык кеңешинин атынан финалисттерге Ардак грамота тапшырылды.

Белгилей кетсек, кароо-сынакка жалпысынан 30 мугалим катышып, 5 мугалим финалдык баскычка жеткен.

Пикир

Оставить комментарий