• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарынын Озгур айылында ФАП ачылды

Аймак 0

Бишкек, 02.06.22. /Кабар/. Ош шаарынын Озгур айылында фельдшердик-акушердик пункт ачылды, - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземге Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, шаардык саламаттыкты сактоо тармагынын өкүлдөрү, аксакалдар, жергиликтүү тургундар катышты.

ФАПта дарылоо бөлмөсү, УЗИ кабинети, алгачкы жардам көрсөтүү, эмдөө бөлмөлөрү, гинекологиялык отургуч бар. Бул мекемеде 4 медицина кызматкери иштейт.

Жергиликтүү тургундар бул мекеменин өз айылында ачылганына ыраазычылыктарын билдиришти.

Белгилей кетсек, Озгур айылында 4 миңге жакын калк жашайт.

Пикир

Оставить комментарий