• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарынын прокуратурасы ишкерлер менен жолугушуу уюштурду

Аймак 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 24-мартта Ош шаарынын прокуратурасынын демилгеси менен фискалдык жана башка органдардын өкүлдөрдүн катышуусунда ишкерлер менен жолугушуу болуп өттү.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуу учурунда прокуратура органдарынын ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча прокурордук көзөмөлдү камсыз кылуу экендигин Ош шаарынын прокуратурасынын жетекчилиги белгилеп өттү.

Ошондой эле катышуучуларга шаардык прокуратура тарабынан Ош шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтары, салык жана укук коргоо органдары тарабынан ишкердик субъекттердин ишмердүүлүгүнө кийлигишүү же коррупциялык фактыларды болтурбоо максатында, ыкчам кайрылуу кылуу үчүн ишеним телефондору ишке киргени тууралуу маалымат берилди.

Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар өз ыраазычылыктарын билдирүү менен ишкерлердин укуктарын коргоо жаатында көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүү үчүн мындан аркы тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий