• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарынын тазалыгын сактап жаткан кызматкерлерге беткаптар таратылды. Сүрөт

COVID - 19 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Ош-Тазалык ишканасынын кызматкерлерине 1000 (миң) даана беткап таратылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Мэриядан билдиришкендей, Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев кызматкерлер менен жолугушуп, адамдардын ден соолугу үчүн шаардын тазалыгы чоң мааниге ээ экендигин билдирди.

Оштогу жеке курулуш компаниясы тарабынан берилген 5 миң даана беткап укук орган кызматкерлерине, шаардын көчөсүн тазалап, жашылдандыруу иштерин жүргүзүп жаткан кызматкерлерге акысыз бөлүнүп берилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий