• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарынын тургундары үчүн газ басымынын кыйынчылыгы 3 күндөн кийин токтойт

Аймак 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Ош шаарынын Анар, Ак-Тилек, Амир-Тимур кичи райондорунда жана Калинин массивинде абоненттер жаратылыш газынын керектүү басымын берүү үзгүлтүккө учурап жатат.

«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын «Ошгаз» филиалынын башкы инженери Мирбек Маматовдун айтымында, 65 миң абоненттин ичинен 12 миңи же 30%га жакынына жаратылыш газын жеткирүүдө кыйынчылыктар келип чыккан.

«Абоненттерге керектүү кысым көрсөтүүдө кыйынчылыктар алгач 17-ноябрда кескин суук түшкөнүнө байланыштуу келип чыккан. Мүчүлүштүктөр Өзбекстан Республикасынан болгон. Кырдаал оңдолду. Акыркы үч күндө абоненттерге көгүлтүр отту жеткирүүдө кыйынчылыктар кайрадан башталды. Өзбекстан Республикасынан алынган маалыматка ылайык, бардык кыйынчылыктар үч күндүн ичинде чечилет. 2019-жылдын ноябрь айында Ош шаарынын калкы тарабынан жаратылыш газын керектөө 2 млн м3 түздү. Быйыл ноябрь айында калктын газды керектөө көлөмү 3,4 млн м3 түздү. Ошол эле учурда, абоненттердин саны жыл ичинде 4,5 миңге көбөйгөн. Ошондой эле жеке сектордо жашаган абоненттер газ казандарын массалык түрдө орното башташкандыгын, ошондуктан жаратылыш газын колдонуу дагы көбөйгөндүгүн белгилегим келет», - деди Маматов.

Пикир

Оставить комментарий