• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаарынын тургундары эми кичи автобустардын каттоо убактысын онлайн биле алышат

Аймак 0

Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. Ош шаарында кичи автобустардын каттоо убактысын билүү үчүн GPS навигатор онлайн тиркемеси иштеп баштады.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, тиркеме Жаңы жылга карата 4 маршруттук каттамга орнотулду. Алдыдагы эки ай ичинде бардык каттамдарга коюлат. Эми жүргүнчүлөр өзүнүн багытына бараткан маршруттук каттамды онлайн көрүп турат.

"Бул иш Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасы менен экинчи борбор калаада алгачкы жолу ишке ашырылып жатат", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин GPS навигатор автобустарга орнотулган болчу.

MiniBus тиркемесин төмөндөгү шилтеме менен көчүрөсүз.

Пикир

Оставить комментарий