• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарынын туристтик BRAND-BOOK — логотиби тандалды

Аймак 0

Бишкек, 07.12.21. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун буйругунун негизинде Ош шаарынын туристтик брендин иштеп чыгуу боюнча жарыяланган сынактын жыйынтыгы чыкты.

Атайын түзүлгөн жумушчу топтун мүчөлөрү конкурска катышкан дизайнерлердин сунуштамаларын карап чыгып, жеңүүчүнү аныкташты. Сынакка жетимиштен ашык дизайнер катышты.

Жакынкы күндөрү Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов шаардын туристтик брендин коомчулукка презентациялайт. Анын алкагында калаа башчысы Ош шаарында туризмди өнүктүрүү программасы, логотип, бирдиктүү фирмалык стили менен тааныштырат.

Пикир

Оставить комментарий