• 84.79
  • 100.79
  • 1.1

Ош шаарынын вице-мэри БУУнун өкүлү менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 03.03.21. /Кабар/. Күн мурун, 2-мартта Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов Бириккен улуттар уюмунун калк жайгаштыруу фондунун Кыргызстандагы кеңсе башчысы Азамат Баялинов менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мэриянын билдирүүсүнө караганда, жолугушуунун алкагында эки тараптуу кызматташуу, гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукту азайтуу, аялдардын жана кыздардын потенциалын ишке ашыруу мүмүкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, жергиликтүү бийликтин колдоосун талкуулашты.

Өз кезегинде вице-мэр Эмил Шадыханов Ош шаарынын мэриясы шаар тургундарынын кызыкчылыгы үчүн алгылыктуу долбоорлорго колдоо көрсөтүлө тургандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий