• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарынын жаңы мэри жылуулук менен камсыздоо ишканаларын кыдырды

Аймак 0

Бишкек, 07.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 7-декабрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов кышкы мезгилде жылуулук берүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын алкагында муниципалдык “Жылуулук камсыздоо” ишканасынын отканасына, Ош Жылуулук электр борборуна, Ош РЭТ ишканасына барды.

Жумушчу сапардын жүрүшүндө мэрге учурдагы жылытуу мезгилинде жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар, жылуулук жана электр энергия менен камсыздоочу ишканалардын бардык зарыл жумуштарды аткарганы боюнча маалымат берилди.

“Жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасынын карамагында 88 откана бар, анын 19у электр энергиясы, 69у көмүр менен иштейт. Бул ишкана жалпысынан 306 көп кабаттуу үйдү, 36 мектепти, 29 бала бакчаны, 12 медициналык мекемени, 9 жогорку окуу жайды, 98 мекеме-уюмду жылуулук менен камсыз кылат.

Ош шаарынын ЖЭБинде керектүү көлөмдө отун камдоо иштери жүргүзүлүп, бардык от казандар толук ишке киргизилген. Ишкана тарабынан 36 билим берүү жайы, 12 саламаттыкты сактоо мекемеси, 8 жогорку окуу жайы, 4 өнөр жай ишканасы жана 371 мекеме-уюмдар жылуулук менен камсыз кылынууда.

Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрына карата Ош шаарынын РЭТи тарабынан пландагы 6-10/0,4 кВ кубаттуулуктагы 72 трансформатордун ордуна 84 трансформатор, 566 трансформатордун ордуна 580 даана трансформаторду оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий