• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош шаарынын жана Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты калкка кайрылуу жасады

Аймак 0


Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Ош шаарынын жана Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты болуп дайындалган Малик Нурдинов жергиликтүү калкка кайрылуу жасады. Бул тууралуу Ош шаары, Кара-Суу, Ноокат райондорунун комендантынын маалымат борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, Малик Нурдинов, өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов, Ош шаарынын мэринин кызматкерлери, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун акимдери, мекеме уюмдарынын жана укук коргоо органдарынын жеткчилери менен кеӊешме өткөрдү.

"Кеӊешмеде коменданттык саат убагында кандай иш-чаралар уюшула тургандыгы талкууланды жана коменданттык саат киргизилген аймактарга тийиштүү жооптуулар дайындалды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыктарына ылайык, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына 2020-жылдын 25-мартынан саат 8-00дөн тарта 15-апрель саат 8-00гө чейинки мезгил аралыгына өзгөчө абал киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий