• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаарынын Жапалак аймагында санитардык нормалардын сакталышы текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 13.08.20. /Кабар/. Кечээ, 12-август күнү Ош шаарынын вице-мэри Эмилбек Шадыханов Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында болуп, азык-түлүк дүкөндөрүн, имараттардын санитардык-гигиеналык нормаларын текшерип, эрежелердин сакталышы боюнча элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, текшерүүгө Жапалак айылдарынын аймактык башкармалыгынын кызматкерлери, СЭСтин адистери катышты. Алар карантин режимин одоно бузган учурда, тийиштүү протоколдорду жана эреже бузгандар үчүн акт түзүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө калк менен, анын ичинде соода түйүндөрүнүн, медициналык пункттардын, дарыканалардын кызматкерлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Эске салсак, соода мекемелеринин кызматкерлеринин көпчүлүгү карантин режимин жана санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоого тийиштүү жоопкерчилик менен мамиле кылышат. Бирок ошол эле учурда керектүү ченемдерди жана эрежелерди талаптагыдай аткарышпагандыгы маалым болду.

Мындан тышкары, Э.Шадыханов Ош шаарындагы №6 үй-бүлөлүк медицина борборунда болуп, медициналык мекеменин инфраструктурасы, медициналык кызматкерлердин иши жана ҮМБнын медициналык-техникалык жабдуулары менен таанышып, медицина кызматкерлеринин суроо-талаптарын жана сунуштарын укту.

Ош шаарында бул багытта түшүндүрүү иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий