• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Оштун Жапалак айыл аймагында алгачкы социалдык дарыкана ачылды

Аймак 0

Бишкек, 30.04.22. /Кабар/. Ош шаарынын Жапалак айыл аймагында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар дары-дармектерди арзандатуу менен сатып ала турган социалдык дарыкана ачылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин түштүк бөлүмүнүн өкүлдөрү, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты.

“Социалдык аптека” долбоорунун негизги максаты – калкты жеткиликтүү баада сапаттуу дары-дармектер менен камсыз кылуу.

1-2-категориядагы мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн дары-дармектерди сатып алууда 25% арзандатуу каралган; 3-категориядагыларга - 15% жеңилдик; пенсионерлер жана Кыргызстандын башка жарандары дары-дармектерди 10% арзандатуу менен сатып ала алышат.

Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, калаада 2 100 аз камсыз болгон жаран, 3 120 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык дарыкана Сулайман-Тоо МАБында да ачылган. Алдыда калган бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарда уюштуруу пландалган.

Пикир

Оставить комментарий