• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарынын жашоочуларын арзан турак жай менен камсыз кылуу аракети күчөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 05.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 3-декабрында «Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик турак жай программасынын алкагында жана Ош шаарынын жарандарын арзан турак жай менен камсыз кылуу максатында «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнын башкармалыгынын төрайымы Аида Төлөгөнова менен Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Меморандумда Ош шаарында турак жайдын капиталдык курулушун ишке ашыруу жана турак жай фондун өнүктүрүү боюнча өз ара кызматташуу каралган. Ошондой эле кол коюлган документтин алкагында, тараптардын КРнын жарандарын жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылууга багытталган ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтык түзүлүүдө.

«Ош шаарынын мэриясы Мамлекеттик ипотекалык компания ишке ашырып жаткан турак-жай программасынын алкагында көп кабаттуу турак жай куруу үчүн Ош шаарынан жер тилкесин берип жатат. Документтерди даярдоону жана курулушту көзөмөлдөөнү да Ош шаардык мэриясы өз мойнуна алат. Өз кезегинде «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсы турак жай программасынын катышуучуларын андан ары турак-жай менен камсыз кылуу үчүн курулушту толук каржылоону камсыздайт», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий