• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ош шаарынын ЖЭБи жылытуу мезгилине даяр

Өкмөт 0

Бишкек, 05.09.20. /Кабар/. Ош шаарынын жылуулук электр борбору күз-кыш мезгилине даяр. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков Ош шаарына жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы ЖЭБдин жылытуу мезгилине даярдыгы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Ош шаардык мэриянын маалыматы боюнча, жылуулук электр борборундагы буу казандар толугу менен кароодон өткөрүлүп, жылуулук берүүгө даярдалды. Ошондой эле жылуулук энергиясын жеткирип берүүчү магистралдык жана кварталдык тармактар даяр.

Биринчи вице-премьер-министр күз-кыш мезгилдеринде ЖЭБде штаттан тышкары жагдайларга жол бербөө жана жылуулук түйүнүндөгү ар кыл маселелерди ыкчам чечүүгө даярдыкты камсыздоо керектигин белгиледи.

«Кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн калкты жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоо иштерин катуу көзөмөлгө алуу керек. Тармактык мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилери терс жагдайлар болуп кетпеши үчүн жылытуу мезгилинен чыгуудагы абалды күн сайын контролдоп, жөнгө салып турушу зарыл», - деди Алмазбек Баатырбеков.

Маалымдама: Ош шаарындагы ЖЭБ 330 көп кабаттуу үйдү, 12 саламаттык сактоо мекемесин, 19 бала бакчаны, 19 мектепти, 8 окуу жайды жана башка обьектилерди жылуулук менен камсыз кылат.

Пикир

Оставить комментарий