• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош: Быйылкы жылы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүмү 242,8 миң сомго өстү

Аймак 0

Бишкек, 08.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 8-февралда Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга карата долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угуу өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ага Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков жана депутаттар, Ош шаарынын мэриясы, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Долбоорду Ош шаардык кеңешинин депутаты Данияр Абдуллаев тааныштырып, маалымат берди.

2022-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше көлөмү (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 2021-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 117,9%га өсүп, же болбосо 242 810,0 миң сомго көбөйүп 1 600 510,0 миң сом деп аныкталды, анын ичинен:

- салыктык кирешелер 1 365 600,0 миң сомду (85,3% жалпы бюджеттин көлөмүнөн) түзүүдө;

- салыктык эмес кирешелер 154 910,0 миң сомду (9,7% жалпы бюджеттин көлөмүнөн) түзүүдө;

- бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 80 000,0 миң сомду (5,0% жалпы бюджеттин көлөмүнөн) түзүүдө.

Бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн эң көбү, тагыраагы дээрлик 35%ы турак жай жана коммуналдык чарбага, 25,2 % билим берүү тармагына каралган.

Ошондой эле коомдук угуу жарандардын суроо, сунуштары менен коштолуп, талкуу иретинде улантылды. Катышуучулар тарабынан бюджетти максаттуу пайдалануу багытында бир катар сунуштар айтылды. Мында көтөрүлгөн маселелер алдыда бюджетти бекитүүдө каралат.

Пикир

Оставить комментарий