• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаары Сооронбай Жээнбековду колдойт!

Шайлоо 2017 0


Бишкек, 12.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков 11-октябрда өз үгүт кампаниясынын алкагында Ош шаарынын тургундары менен жолугушту. Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстандын президенти катары өлкөнү гүлдөп-өнүккөн мамлекеттердин катарына кошууга болгон ниетин колдоого алуу үчүн 50 миңден ашуун шаар тургундары келишти.

Сооронбай Жээнбеков шайлоочуларын өзүнүн «Өлкөдөн кымбат дөөлөт жок» программасы менен тааныштырды. Программа Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарында болуп, элдин турмушу менен жакындан таанышкан учурларда көңүл бурган, ошондой эле кыргызстандыктар күнүмдүк турмушунда кездешкен көйгөйлөрдүн жана аларды түйшөлткөн суроолордун негизинде иштелип чыккан. “Кайсы жерге барбайын, ким менен жолугушпайын – алардын бардыгы көтөргөн маселелер, көйгөйлөр көкүрөгүмдөн, жүрөгүмдөн орун алат. Мен булл маселелерди чечип бере турганыма көзүм жетет”, - деди талапкер.

Ош шаарынын тургундары Сооронбай Жээнбековдун сөзүн чоң кызыгуу менен угуп, анын талапкерлиги менен программасын кызуу колдоого алышты. Алардын көпчүлүгү узак убакыт бою талапкер менен 2010-жылдагы каргашалуу окуялардан кийин туруктуулукту, ишеним менен достукту калыбына келтирүү жаатында тыгыз иштешкендигин белгилешти. “Ош шары жана жалпы Кыргызстан 2010-жылдын апрели менен июнунда тагдырдын татаал сыноосуна өтүп жаткан учурда Сооронбай Жээнбеков күн-түн дебей эл менен бирге болуп, шаарды, кыргызстандыктардын бийликке болгон ишенимин калыбына келтирүү үчүн талыкпай эмгектенип келди. Бул жылдары ал өзүн өлкөнүн бүтүндүгү, элинин биримдиги үчүн тикесинен тик турган мыкты мамлекеттик ишмер катары көрсөтө алды”, - деп белгилешти Ош шаарынын шайлоочулары.

Талапкерди колдоп Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери Мухтар Нургазиев, окумуштуу Каныбек Исаков, жаштардын, интеллигенциянын, спорт тармагынын өкүлдөрү сөз сүйлөштү. Андан тышкары, “Алай” футболдук клубунун спортчулары Сооронбай Жээнбековго футбол тобун жана 9 номерлүү футболка белек кылып, жеңишке жетишүүсүн каалай тургандыктарын белгилешти.

Жолугушуунун аягында шайлоочулар Сооронбай Жээнбековго баталарын берип, алдыдагы шайлоодо шайлоо бюллетениндеги 9-номерге гана добуш бере тургандыктарын, анын гана талапкерлигин колдой тургандыктарын билдиришти.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 12.10.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий