• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош ШИИБ башы кесилген аялдын өздүгүн тактоодо жергиликтүү тургундардан жардам сурайт

Аймак 0

Ош, 28.08.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош шаардык ИИБси таштандыдан табылган башы кесилген аялдын буюмдарынын сүрөтүн жарыялап, жергиликтүү тургундардан маркумдун өздүгүн тактоодо жардам сурайт.

Аталган кылмыш боюнча кандайдыр бир маалымат билгендер болсо Ош шаардык ИИБнин кылмыш бөлүмүнө (03222) 2-46-78, 2-10-06 же (0557) 79-96-99, (0558) 15-00-88 номерине чалса болот. Анонимдүүлүккө толук кепилдик берилет.

Маркумдун жеке буюмдарынын ичинде: кофта, көшөгө, жоолук, эки сумка жана үстүгө жамынчу плед болгон.

Пикир

Оставить комментарий