• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош ШИИБ жарандарды сууга түшүү мезгилинде этият болууга чакырат

Аймак 0

Ош, 10-июль /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен сууга түшүү мезгилинде алдын алуу иш чараларды аткарышты. Ошондой эле, кырсыктын алдын алуу максатында балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Ош ШИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ММК, телеканалдардагы кыска роликтердин жана көчөлөрдө илинген жарнамалардын жардамы менен ИИБ кызматкерлери тарабынан өспүрүмдөрдүн жана алардын ата-энелеринин арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

2016-жылы сууга чөккөн өспүрүмдөрдүн саны 8ге жеткен, ал эми 2017-жылы Ош суусуна эки бала чөгүп кеткен. Мындан улам тиешелүү кызмат өкүлдөрү ата-энелерди этият болууга, балдарды көзөмөлдөп, сууга түшүүгө жалгыз жибербөөгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий