• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош ШИИБдин 2021-жылдын биринчи чейрегиндеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) 2021-жылдын биринчи чейрегиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков, Ош ШИИБнын начальниги, милициянын полковниги Акылбек Мамасейитов жана бөлүм, кызматтардын жетекчилери катышышты.

Жыйында башкармалыктын 2021-жылдын биринчи чейрегиндеги аткарган иштери жана алдыда аткарылуучу иш-чаралары талкууланды. Аталган маселелер боюнча бөлүм башчылары жетекчиликке маалыматтарды берип, аткарылуучу иш-мерчемдери менен тааныштырышты.

Жыйында белгилегендей, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын көрсөткүчү жаман эмес. Республикадагы алдыӊкы катарда бара жатат. Өткөн саясий өнөктүк учурунда дагы Ош шаарынын милициясы коомдук тартипти сактоодо тынымсыз иштеди, кандайдыр-бир тартип бузууларга жол берилген жок. Ошентсе дагы ишти солгундатпастан, кызматтык милдеттерди так аткаруу зарылдыгы, кошумча аткарылуучу тапшырмалар белгиленди.

“Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы шаардагы коомдук коопсуздукту сактоо боюнча колдон келген аракеттерин жумшап, кызмат өтөп келе жатышат. Көрсөткүчтөр дагы жаман эмес. Ишти ушундай темп менен алып кетүү керек. Андан сырткары, үй-бүлөлүк зомбулукту, жашы жете электер арасындагы кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу иштерине басым жасагыла»,- деди ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору С.Өмүрзаков.

Жыйындын жүрүшүндө өздүк курамга диний экстремизмге, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, адам уурдоого каршы күрөштү күчөтүү, кылмыштуулуктун алдын алуу иш-чараларын үзгүлтүксүз өткөрүү тапшырмасы коюлду. Жарандарды тейлөө багытында санариптештирүү тутумун күчөтүү зарылдыгы айтылды. Ошондой эле өздүк курамга Кыргыз Республикасынын бардык мыйзамдары менен талаптарын так аткарып, кызматтык тартипти бекем сактоо эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий