• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ош ШИИБнин кызматкерлери тарабынан денеге оор залал келтирген жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.04.18 /Кабар/. 2018-жылдын 21-мартынан 22-мартына караган түнү болжол менен саат 02.00 чамасында Ош шаардык ооруканасына 1995-жылы туулган жаран келип түшкөн.

Милициядан билдиришкендей, ага медициналык кароо жүргүзүү учурунда бир колу сынгандыгы аныкталган. Атайын соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен жабырлануучу денесинен оор жаракат алган деп корутундусу чыгарылган. Бул окуя Ош шаарында жайгашкан түнкү клубдардын биринде катталган.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында, бул кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 1995-жылы туулган тургуну кармалган.

Ошондой эле, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү жарандардын бири, Ош шаарынын 1995-жылы туулган тургуну Жалал-Абад шаарында качып жүргөн жеринен кармалган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилишип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий