• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош шаарындагы борбордук стадион оңдолот

Аймак 0

Бишкек, 06.03.19. /Кабар/. Ош шаарындагы борбордук А. Сүйүнбаев атындагы стадион оңдоп-түзөөдөн өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов мэриянын кеңейтилген аппараттык жыйынында билдирди.

Жыйынга вице-мэрлер, мэриянын кызматкерлери, шаардагы мекеме ишканалардын жетекчилери жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.

Анда 2019-жылы Ош шаары Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору алкагында өткөрүлүүчү иш-чаралар жөнүндө жана шаарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы 3 айлыкты өткөрүү жөнүндө маселе каралды.

Ош -Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору алкагында өткөрүлүүчү иш-чаралар жөнүндө шаардын вице-мэри Нурбек Кадыров маалымат берди.

“Апрель айынан баштап, декабрь айына чейин Ош шаарында жалпысынан 25 иш-чара пландалган. Анын ичинен 22 эл аралык, 1 республикалык, 2 жергиликтүү деңгээлдеги иш-чаралар”,-деди Н.Кадыров. Шаар жетекчиси Таалайбек Сарыбашов Ош шаары - Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору наамына ээ болушу Ош шаары эле эмес, Кыргызстан үчүн чоң сыймык экендигин билдирди.

“Бул жоопкерчиликтүү жана тарыхый мааниси зор иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүү ар бирибиздин милдетибиз деп билем. Андыктан кыска убакыттын ичинде көптөгөн жумуштарды жасашыбыз керек. Негизинен Ош шаарындагы негизги көчөлөрдүн эстетикалык көрүнүшүн, көп кабаттуу үйлөрдүн, тейлөө сферасындагы имараттардын сырткы көрүнүштөрүн оңдоп-түздөө, заманбап жасалгалоо жана имараттарды жарыктандыруу, тарыхый эстеликтерди, туристтик обьектерди, музей, кинотеатрларды оңдоо, калыбына келтирүү, Ош шаарынын тейлөө тармагынындагы кафе, ресторан, мейманканалардын сапатын жакшыртуу жумуштары.

Ошондой эле маданий иш-чаралар өтүүчү обьекттерди, сейил бактарды оңдоо.

Ачылыш аземин шаардагы А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо өткөрүү пландалып, ага миңдеген адамдар катышат. Учурда Өкмөт, шаардык мэрия демөөрчүлөр менен биргеликте стадионду оңдоп-түзөө иштерин баштадык. Быйыл Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору алкагында Ош шаарына чет өлкөлөрдөн миңдеген туристтер, республиканын бүт аймактарынан коноктор келет.

Андыктан пландалган иш-чалалардын аткарылышы боюнча мекеме-ишканалардын жетекчилери ар жума сайын отчет берип тургула”, - деди Т.Сарыбашов.

Пикир

Оставить комментарий