• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош – Стамбул авиакаттамын ачуу демилгеси каралууда

Коом 0

Бишкек. 30.04.19 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети КР Өкмөтү менен Түркия Өкмөтүнүн ортосунда 1994-жылдын 14-октябрында Анкара шаарында кол коюлган аба каттамдарын орнотуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол жөнүндө ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Транспорт жана жол министринин орун басары Жеӊишбек Ногойбаевдин айтымында, жогоруда аталган келишимдин алкагында Ош – Стамбул авикаттамын ачуу демилгеси каралууда.

«Түрк тарап зарыл документтердин баарына кол койду, эми аны кыргыз тарап ратификациялоого тийиш», - деди Ногойбаев.

Депутат Исхак Масалиев бул өтө маанилүү келишим экенин, айрыкча ишкерлерге оӊ таасирин тийгизе турганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий