• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош: Төлөйкөн айылына таза суу жеткирилди

Аймак 0

Бишкек, 20.12.19. /Кабар/. Ош облусунун Төлөйкан айылында алгачкы жолу ичүүчү таза суу жеткирилди. Тургундар буга чейин каналдан суу ташып ичип келишкен. Калкты таза суу менен камсыздоо максатында 400 кубметр болгон суу кампасы курулуп, пайдаланууга берилди.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, негизинен 4 көчөнүн тургундары таза суу менен камсыз болушат.

Жергиликтүү боюджеттин эсебинен жасалган курулуш иштери менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жана аталган айылдын тургундары таанышып чыгышты.

Пикир

Оставить комментарий