• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош: "Түнкү өспүрүм" рейдинин жүрүшүндө 131 өспүрүм милиция бөлүмүнө жеткирилди

Аймак 0

Бишкек, 07.03.22. /Кабар/. Ош шаарынын аймагында «Түнкү өспүрүм» аталыштагы профилактикалык рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаш өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган бул иш-чарага Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын бардык бөлүмдөрү менен кызматтары катышышты. Кызматкерлер 4-5-март күндөрү шаар аймагы боюнча бөлүнүшүп, түнкү саат 22:00дөн кийин интернет клубдарында, оюн-зоок жайларында, жер төлөлөр менен үйлөрдүн чатырларында чоӊ адамдардын коштоосусуз жүрүшкөн өспүрүмдөрдү аныкташып, ички иштер бөлүмдөрүнө алып келишти.

"Алардын ата-энелерин, жакын туугандарын чакырылып, профилактикалык маектешүүлөрдү жүргүзүлдү. Бул рейд көрсөткөндөй, кармалган балдар-кыздардын көпчүлүгүнүн ата-энелери миграцияда жүрүшөт, өздөрү жакын туугандарында калтырылган", - деп айтылат маалыматта.

Эки күндүк рейд алдында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын начальниги Сейитбек Молдобаев Ак-Буура жана Сулайман тоо милиция бөлүмдөрүндө болуп, милиция кызматкерлерине тиешелүү тапшырмаларды берди. "Бүгүнкү иш-чарага өзгөчө маани берүү менен өткөрүү зарыл. Анткени бүгүнкү өспүрүм - эртеӊки биздин коомдун активдүү мүчөсү. Келечегибиз бүгүнкү келечек муун өкүлдөрүнөн башталат. Алардын кылмыштуулуктан алыс болуп, эл керегине жараган уул кыздардан болуп өсүүсүнө биз бүгүндөн салымыбызды кошуубуз керек", - деди ал.

Рейд учурунда Ош шаарынын аймагында төмөндөгү жумуштар аткарылды:

- жалпысынан 131 өспүрүм маектешүү үчүн милиция бөлүмдөрүнө алынып келинди;.

- 89 өспүрүм балдарды реабилитациялоо борборуна жеткирилди;

- мурда жасалган 4 кылмыштын бети ачылды;

- 164 коомдук жайлар текшерилди;

- үйдөн чыгып кетишкен 2 өспүрүм табылып, ата-энелерине өткөрүлүп берилди;

- 27 ата-энеге уУук бузуу кодексинин 74-беренесине ылайык, 1000 сомдон жазана салынды;

- балдар комиссиясына (58 материал) жана башка мекеме менен ведомстволорго балдардын шарттары корголуусу боюнча 177 маалымат каты жөнөтүлдү.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жаш өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган иш-чаралар дагы күчөтүлө бермекчи.

Пикир

Оставить комментарий