• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Эртең, бүрсүгүнү майрамдык иш-чаралар өтөт

Аймак 0

Бишкек, 28.11.19. /Кабар/. Эртең, 29-ноябрда Ошто “Ош шаары – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” аттуу салтанатынын жабылыш аземине карата бир катар майрамдык иш-чаралар уюштурулат. Бул тууралуу шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаралар 29-30-ноябрь күндөрү төмөнкү тартипте өтөт:

  • Саат 13:50дө “Ак-Ниет” сейилбагында “ТҮРКСОЙ” уюмунун салтанаттуу ачылыш аземи;
  • Саат 14:40да Ош шаарына келген конокторду “Сулайман-Тоо” музейи менен тааныштырып, саякат уюштуруу;
  • Саат 16:30да Ош мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюму тарабынан каржыланып, өзбек тилине которулган “Манас” китебинин бет ачары өтөт.

30-ноябрда:

  • Саат 09:30да “Jannat Resort” мейманканасынын жыйындар залында “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн туруктуу кеңешинин 37- отурумунун салтанаттуу ачылышы болот;
  • Саат 14:30да “Jannat Resort” мейманканасында “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин 37-отурумунун жабылышы;
  • Саат 17:00дө Борбордук аянтта коноктор жана шаар тургундарына арналган концерттик программа орун алат;
  • Саат 18:00дө Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын 2-кабатында - “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюмунун Оштогу сүрөтчүлөр жолугушуусунда тартылган эмгектеринин жана Ашык Вейселдин фото-сүрөт көргөзмөсүнүн расмий ачылышы;
  • Саат 18:30да С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында “Ош шары – 2019-жылдагы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык долбоорунун жабылыш аземи.

Пикир

Оставить комментарий