• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Ош –Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” салтанатын өткөрүүгө даяр

Аймак 0

Бишкек, 18.04.19. /Кабар/. Ош шаарында кечээ, 17-апрель күнү “Ош–Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” аттуу эл аралык иш-чараны өткөрүү боюнча жергиликтүү массалык мааалымат каражаттары (ММК) үчүн маалымат жыйын болуп өттү.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чарага ведомствонун башчысы Азамат Жаманкулов жана Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов катышып, журналисттердин эл аралык иш-чараны өткөрүү, ага карата даярдык жана андагы өзгөчөлүктөр тууралуу суроолоруна жооп беришти.

Жыйында аталган эл аралык иш-чаранын маанилүүлүгү, аны өткөрүү чоң жоопкерчилиги жана көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу кеңири маалыматтар берилди.

Жаманкулов иш-чаранын программасы боюнча толук маалымат берип, өтө турчу иш-чаралар Кыргызстан үчүн абдан маанилүү экендигин баса белгиледи.

“2019 – жыл Кыргызстан үчүн, анын ичинде Ош шаарынын түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары белгилениши өтө маанилүү. Жыл ичинде ушул сыяктуу бир катар иш – чаралар өтөт. 19-апрель күнү С. Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрында расмий коноктор үчүн “Коркут Ата” спектакли көрсөтүлөт. Иш –чаранын негизги бөлүгү 20-апрелде башталат. Анын ичинде “Түрк дүйнөсүнүн этно маданият Фестивалы”, “Элдик каада-салттар” , “Этно музыка”, “Этно мода”, “Кол өнөрчүлөр”, “Улуттук тамак-аштар” тартууланат”, - деди ал.

Андан тышкары министр билдиргендей, “Байыркы Ош – цивилизациялардын чордонунда” Түрк тилдүү мамлекеттердин эл аралык илимий-практикалык конференциясы өткөрүлүп, конференциянын соңунда түрк тилдүү мамлекеттердин алдыңкы журналисттерине ТҮРКСОЙдун Басма сөз сыйлыгы берилет.

Ошондой эле түрк элдеринин “Сулайман-Тоо ынтымак жүрүшү” жана “Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык иш-чарасынын расмий салтанаттуу ачылыш аземи президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен өтүүсү күтүлүүдө.

Ал эми калаа башчысы маданий иш-чаралар өтүүчү жайлардын баардыгында оңдоп-түзөө иштери жүрүп, учурда шаар эл аралык иш-чараны өткорүүгө толугу менен даяр экендигин билдирди.

Эске сала кетсек, "Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" аттуу эл аралык деңгээлдеги иш-чараны чагылдыруу үчүн чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү келет. Алар үчүн маалымат борбор ачылып, журналисттер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Бүгүнкү күндө иш – чарага катышуу үчүн өнөрпоздордун алгачкы катышуучулары 16-апрелде Ош шаарына келген.

Пикир

Оставить комментарий