• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Ош – түрк тилдүү өлкөлөрдүн маданий борбору": Журналисттер үчүн басма сөз борбору түзүлдү

Маданият 0

Бишкек, 20.04.19. /Кабар/. "Ош – түрк тилдүү өлкөлөрдүн маданий борбору" долбоорунун алкагындагы иш-чараларды чагылдырган журналисттер үчүн басма сөз борбору түзүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Ал борбор өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратында жайгашып, жергиликтүү жана чет элдик журналисттер ал жердеги компьютер, интернет менен колдоно алышат. Аны менен катар иш-чаралар өтө турган жер жана убактысы тууралуу толук маалымат алууга болот. Басма сөз борбору саат 24:00гө чейин иштейт.

Белгилей кетсек, КТРК жана ЭлТР каналдары ал жактагы айрым иш-чараларды түз эфирден көрсөтүп турушат.

Пикир

Оставить комментарий