• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош: Таң эрте көчө кыдырган мэр бир канча ишкананын ишин сынга алды

Аймак 0

Бишкек, 02.07.19. /Кабар/. Бүгүн, 2-июлда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов таңкы саат 05:30дан баштап шаардагы Курманжан датка көчөсүн кыдырып чыккан.

Мэриядан кабарлашкандай, калаа башчысы менен рейдке кошо чыккан вице-мэрлерге, жетекчилерге тапшырмалар берилди. Мэр арыктарды тазалоо, жөө адамдар басуучу жолдорго курулган курулуштарды жана эскирген көрнөк-жарнактарды алып салуу тапшырмасын берди.

“Борбордук көчөдөгү арыктар жакшы тазаланган эмес. Көзөмөлгө алгыла. Тротуарга курулган курулуштардын ээлерине эскертүү берип, бузуп салгыла. Тазалыкка да өзгөчө көңүл бургула. Мен бул көчөгө кайрадан келип, берилген тапшырмалардын канчалык аткарылганын текшерем. Анткени шаар деген шаардай болуш керек. Ал үчүн биз тынымсыз аракет кылышыбыз зарыл. Жол четиндеги ар кандай жеке ишканалар, дүкөн ээлери эшигинин астын оңдоп, гүл эгиш керек”,-деди шаар мэри.

Мэрдин шаардагы көйгөйлөр менен жеринен таанышуу иштери уланат.

Пикир

Оставить комментарий