• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош: Таң эрте көчө кыдырган мэр бир топ көйгөйлөргө күбө болду

Аймак 0

Бишкек, 18.09.18. /Кабар/. Бүгүн, 18-сентябрда таң эрте Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов тиешелүү жетекчилер менен чогуу шаардагы бир канча борбордук көчөлөрдү кыдырды, - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Мэр жолдордун абалы, тазалык жана көрктөндүрүү иштери менен таанышты.

Рейддин жүрүшүндө калаа башчысы мыйзамсыз курулуштарды тактоону тапшырып, тазалыкка өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Авиценна көчөсүндөгү ипотекалык негизде берилген көп кабаттуу үйлөрдөн кабар алып, көйгөйлөрдү жеринен көрдү. Аталган көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары балдар аянтчасы жана автоунаа токтотуучу жайдын жоктугун, жолдун асфальтталбагандыгын айтышты. Шаар мэри айтылган көйгөйлөр боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырма берип, жашоочуларды да тазалыкка чакырды.

“Бүткүл дүйнө ишембилик өткөрдү. А сиздердин үйүңөрдүн арты тазаланбай жатат. Үйдүн айланасын өз үйүңөрдүн ичин тазалагандай тазалаш керек. Башка көйгөйлөрдү мэрия чечет”,-деп кошумчалады калаа башчысы.

Мындан тышкары Тешик-Таш аймагында көчө соодасына күбө болуп, жол кыймылына тоскоолдук жараткан соода кылуу жоюлушу керектигин айтты.

Мэр менен жетекчилердин шаардагы кыдырып, көйгөйлөр менен таанышуусу уланат.

Пикир

Оставить комментарий