• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Ош - Тамчы” авиакаттамын 15-июндан тарта ишке киргизүү пландалууда - Осмоналиев

Аймак 0

Бишкек, 05.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ош облусундагы “Ош” аэропорту менен Ысык-Көлдөгү “Тамчы” аэропорттору ортосундагы авиакаттамдарды 15-июндан тарта ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, 1-июндан тарта Ысык-Көл облусундагы туристтик субъектилердин иштөөсүнө уруксат берилген.

“Бирок ага карабай даярдыктар жүрүүдө. Туристтердин агымы 20-июнь жана 1-июлдан тарта келе баштайт. Облус аймагында туристтерди кабыл ала турган 492 субъект бар. Алар 127 пансионат, 7 санаторий, 192 мейманкана, 119 конок үйү, 13 хостел , 19 балдардын лагери жана башкалар”, - дейт ал.

Осмоналиев Ысык-Көлгө кире бериштеги постто мурдагыдай ар бир жаран катталбай турганын айтат.

“Балыкчыдагы посттон ар бир жаран текшерилбейт. Чет жактан келген жарандар же кооптуу аймак деп эсептелген жерден келген адамдар катталат. Каттоо тизмеси тиешелүү район, шаарларга жиберилип, алгоритмге ылайык иш жүргүзүлөт”, - деди Осмоналиев.

Пикир

Оставить комментарий