• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош-Ташкент авиа каттамын ачып, Бишкек-Ташкент рейсин көбөйтүү пландалууда

Саясат 0

Бишкек, 14.14.17. /Кабар/. Ош-Ташкент авиа каттамын жакынкы арада аччып, ал эми Бишкек-Ташкент рейсин эки эсеге жогорулатуу пландалууда. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв Сооронбай Жээнбековдун ӨРге болгон расмий иш сапарынын алкагында маалымат жыйындын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымына караганда, бул багытта абдан көп суроо талап болууда. Бул туризмдин өнүгүшүнө түрткү болушу керек.

Мирзиеёв ошондой эле, Балыкчы-Ташкент темир жол каттамын ачуу тууралуу кеп кылды.

“Кыргызстанда өзгөчө Ысык-Көл көлү бар. Биздин жарандар ал жакта көптөн бери эс алууну эңсеп келишет. Мунун бардыгы эл үчүн. Коңшуларга кудайдын кудурети менен берилген көлгө эмне үчүн алар барса болбойт”,-деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий