• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Ош-Тазалык» ишканасы жумушчуларына ыңгайлуу шарттарды түзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Кечээ, 29-сентябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов "Ош-Тазалык" адистештирилген муниципалдык ишканасынын инфраструктурасы менен таанышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мэр алгач ишкананын атайын унаа кампасына барып, тазалоо боюнча күнүмдүк иштерди аткаруучу, таштандыларды ташуучу атайын унааларды жана жабдууларды көрдү.

Мындан тышкары, автогараждагы административдик имаратты реконструкциялоо, жумушчулар үчүн 100 орундуу ашкананын курулушу, кампалардын оңдоо иштери менен таанышты.

Андан соң, Алмаз Мамбетов рекультивациялоо боюнча иштерди жүргүзүү пландалган таштанды полигонунда болуп, жаңы полигон курула турган аянтты көрдү.

"Ош-Тазалык" адистештирилген муниципалдык ишкананын жетекчиси Нурбек Исмаилов ишкана эки жыл аралыгында 50гө жакын жаңы техника менен камсыздалгандыгын белгилеп, жакынкы күндөрү жаңы жабдыктар келе тургандыгын айтты.

Мындан тышкары, жөнөкөй жумушчулар үчүн заманбап ашкананын курулушу кызуу жүрүп жатат деп билдирип, кышка даярдык тынымсыз көрүлүп жаткандыгын кошумчалады.

Жыйынтыгында мэр Алмаз Мамбетов абоненттер менен иштөөдө накталай эмес төлөм системасынын ишин илгерилетүүнү тапшырып, абоненттерди көбөйтүү тапшырмасын берди.

Ошондой эле оңдолбой турган эски унааларды, атайын техникаларды жокко чыгаруу үчүн документтерди чогултуу боюнча иш-чараларды баштоону тапшырды. Мыйзам чегинде жокко чыгарылса, сатыкка коюп, ордуна жаңы техникаларды алууга мүмкүнчүлүк бар экендигин кошумчалады.

Ишканада штаттык бирдик боюнча 378 адам бекитилген болсо, 2021-жылдын 1-сентябрына карата бардыгы 341 адам эмгектенүүдө (37 жумуш оруну бош).

Абоненттердин саны 2020-жылдын 1-сентябрына 228 миң 70 адам болсо, 2021-жылы 248 миң 354 болуп, 20 миң 284 адамга көбөйдү.

Пикир

Оставить комментарий